Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

УКМК: депутат Сабировдун билдирүүсү делген аудио боюнча териштирүү башталды


Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун үнү делген Интернеттеги аудио боюнча териштирүү башталганын маалымдады.

Атайын кызмат мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган аудио боюнча экспертиза дайындаларын билдирди. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, чара көрүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКдан билдирүү келе электигин, кайсы аудио жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турганын “Азаттык” радиосуна айтты.

“Кечээ ооруп жаткан Бейшен Дүйшембиев деген досумду үйүнө кирип өлтүрүп кетишти. Ошону уккандан кийин “Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?” дедим. Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгам деген жокмун, "Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?" дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди "жардам берди" деп мактап чыгарып атабыз”, - деди депутат.

Буга чейин Интернетте парламенттин депутаты Максат Сабировдун үнү делген аудио тарап, анда сүйлөгөн киши бийликтин аракетсиздигин кескин сындаган.

Бишкек милициясы үйүндө өлтүрүлгөн шаар тургуну боюнча тергөө жүрүп жатканын маалымдады. (TSh)

XS
SM
MD
LG