Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

“Норникелден” 45 тоннадай авиациялык керосин жайылып кетти


Суюк отун жайылып кеткен дарыяны тазалоо иши. Норильск шаарынын чет жакасы, 10-июнь 2020-жыл
Суюк отун жайылып кеткен дарыяны тазалоо иши. Норильск шаарынын чет жакасы, 10-июнь 2020-жыл

Орусиянын Красноярск крайында “Норникель” ишканасында 45 тоннадай авиациялык керосин жер кыртышына жайылып кетти. Бул тууралуу заводдун басма сөз кызматы жекшембиде жазды.

Ага чейин суюк отун ташыган куурга ээлик кылган "Норильсктрансгаз” компаниясы 20 тонна керосин сыртка чыгып кеткенин билдирип, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаралбаганын, кара майды чогултуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Аймактык прокуратура окуяны териштире баштаганын “Интерфакс” агенттиги жазды. Майдын этегинде Норильск шаарындагы ТЭЦте авария болгондо 21 миң тонна дизелдик суюк отун эки дарыяга, ал жактан Пясино көлүнө куюлуп кеткен. Ал жылуулук борбору да “Норникелге” таандык. Ошондо экологдор орусиялык Арктикадагы эң ири экологиялык кырсык тууралуу айтышкан.

XS
SM
MD
LG