Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:25

Таласта милиция кызматкери пневмониядан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта милиция кызматкери өпкөсү кагынып каза болду. Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалист-эксперти, милициянын майору Мирлан Калыбаев каза болду. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

46 жаштагы Мирлан Калыбаевге өпкөсү эки тарабынан кагынган деген диагноз коюлган.

Мирлан Калыбаевдин көзү өткөнүнө байланыштуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы көңүл айтуусун жарыялады.

Буга чейин Ошто бир, Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон. ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG