Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Өкмөт: Керектүү дары-дармектер сыртка сатылган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда чет өлкөгө дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар сатылып жатканы тууралуу жазылган маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат кабарлады.

Анда өкмөттүн 3-февралдагы токтому менен Кыргызстандан дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салынганы жазылган. Анын ичинде коронавируска жана пневмонияга каршы керектелүүчү дары-дармектер, медициналык жабдуулар, коргонуучу каражаттардын тизмеси тиркелген.

Өкмөттүк аппарат "өлкөдө бүгүнкү оор эпидемиологиялык абалда мындай маалыматты жайылтуу жоопкерчиликсиз" деп белгилеп, аны шайлоого даярданып жаткан белгилүү саясатчылар таратып жатканын билдирген. Бирок кайсы саясатчылар экенин тактаган эмес.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония оорулары күч алганына байланыштуу ага керектүү дары-дармектердин таңсыктыгы жаралды. Айрым дары-дармектердин баасы кымбаттады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG