Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Польшадагы президенттик шайлоодо Дуда алдыда келе жатат


Анджей Дуда (архивдик сүрөт).
Анджей Дуда (архивдик сүрөт).

Экзитполлдун жыйынтыгына ылайык, Польшада президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы президент Анджей Дуда алдыда келе жатат. Ал шайлоочулардын 50,4 пайыз добушуна ээ болду. Атаандашы Рафал Тшасковский - 49,6 пайыз добуш алды.

Польшанын мамлекет башчылыгына азыркы президент, эскичил Анджей Дуда жана Варшаванын мэри, либерал Равал Тшасковский талапкер болууда.

Анджей Дуда беш жылдан бери президент. Ал өз өкмөтү тарабынан киргизилген бардык социалдык жеңилдиктердин кепилдиги. Дуда салттуу үй-бүлө институтун колдоп, бир жыныстуу никеге каршы. Атаандашы Рафал Тшасковский сексуалдык азчылыктарды колдоочу “ЛГБТ+ хартиясына” кол койгон. Бирок шайлоо өнөктүгү учурунда ал эскичил көз караштагы шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн бул темага басым жасабоого аракеттенди.

Тшасковский шайлоодо утуп чыкчу болсо Варшава менен Евробиримдиктин ортосуна жик салган талаштуу юстициялык реформаны жокко чыгарууга убада кылган.

XS
SM
MD
LG