Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Иран: "Боингдин" кулашына ката сигнал себеп болгон


8-январда кулаган "Боингдин" "кара жащиги".
8-январда кулаган "Боингдин" "кара жащиги".

Иран бийлиги украиналык жүргүнчү учагына байланыштуу иликтөөсүнүн корутундусун жарыялады. 8-январда Тегеран аэропортунан учуп чыккан жүргүнчү учагы атып түшүрүлүп, андагы 176 адамдын баары өлгөн. Корутундуда учактын кыйроосуна радиолокациялык станциянын туура эмес сигналы себеп болгон деп жазылган. Ага ылайык, абадан коргонуу кызматынын операторлору туура эмес келген сигналдан улам ракетаны коё беришкен.

Британиялык “Гардиан” гезити расмий Тегерандын кыйроо болгон учурдагы – “учактын өзүндө техникалык мүчүлүштүк болгон” деген билдирүүсүн да белгиледи. Бирок кийинчерээк Иран бийлиги учакты согуштук ракетасы атып түшүргөнүн мойнуна алган.

Ирандын жарандык авиация башкармалыгы жарыялаган баяндамада Тегерандын четиндеги абадан коргонуу кызматынын операторлору аппаратурасын өз убагында багыттоого жетишпей калганы жазылган.

"Гардиан" басылмасы Ирандагы иликтөөнүн корутундусунда Украинанын жүргүнчү учагы Тегеран аэропортунан учуп чыккан учурда бекитилген багыт боюнча бара жатканы көрсөтүлгөнүн жазды.

Кыйраган учактын “кара жащиги” аны чечмелөөчү аппаратуранын жоктугуна карабай, Иран адистеринин колунда кала берүүдө. IRNA агенттиги бул “жащиктер” 20- июлда Францияга өткөрүлүп берилерин кабарлады.

8-январда кулаган учакта Ирандын, Канаданын, Украинанын, Британиянын, Ооганстандын жана Германиянын жарандары болгон.

XS
SM
MD
LG