Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Европа өлкөлөрүнөн 164 кыргызстандык Бишкекке учуп келди


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга 164 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аталган чартердик каттамда Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Францияда, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да бар.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай жаткан 20 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан кайтып келгендер. (ErN)

XS
SM
MD
LG