Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Косовонун президенти Тачи Гаагада көрсөтмө берет


Косовонун президенти Хашим Тачи. 11-июнь, 2020-жыл.
Косовонун президенти Хашим Тачи. 11-июнь, 2020-жыл.

Косовонун президенти Хашим Тачи 13-июлда Гаагада эл аралык кылмыштарды иликтеген прокурорлорго көрсөтмө берет.

Косово боюнча атайын прокуратура 24-июнда күтүүсүздөн Тачи жана дагы бир нече кишини, анын ичинде парламенттин мурдагы төрагасы Кадри Веселини 1990-жылдардын соңундагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптаган.

Күнөөсүз экенин айткан Тачи Гаага барып көрсөтмө берүүгө даяр экенин 8-июлда билдирген.

Тачи 1990-жылдарда Сербиянын армиясына каршы турган Косово Боштондук армиясынын кол башчысы болчу.

Сербиянын провинциясы Косоводо 1998-99-жылдары элдик козголоң болуп, Белград аны күч менен баскан.

НАТОнун бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен.

Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, Белград, Москва жана Евробиримдиктин бир нече өлкөсү аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG