Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

13-июль - Казакстанда коронавирустан көз жумгандарды эскерүү күнү


Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев баш болгон бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү коронавирустан каза тапкандарды бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. 13-июль, 2020-жыл.
Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев баш болгон бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү коронавирустан каза тапкандарды бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. 13-июль, 2020-жыл.

13-июлда Казакстанда коронавирустан каза тапкандарды эскерүү күнү деп жарыялаган. Бул күнү бардык көңүл ачуучу иш-чаралар жана программалар токтотулган. Өлкө боюнча, анын ичинде чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Нур-Cултан убактысы боюнча түшкү саат 12.00до казакстандыктар каза болгондорду унчукпай аза күтүп бир мүнөт эскеришти.

Расмий маалыматтарга ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 60 миңге чамалады. Анын 375и каза тапты. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өпкөсү кагынган 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапкан.

XS
SM
MD
LG