Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:15

AI медкызматкерлерди коргонуу каражаттары менен камсыздоого чакырды


Бейтаптын өпкөсүнүн сүрөтү менен таанышып жаткан дарыгерлер. Cербия. 8-апрель, 2020-жыл.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) COVID-19 катуу жайылып жаткан мамлекеттердин бийликтерине кайрылып, медицина кызматкерлерин тиешелүү коргонуу каражаттары менен камсыздап берүүгө чакырды.

Уюм 13-июлда жарыялаган баяндамага ылайык, 63 мамлекетте медкызматкерлерге коргоонучу каражаттар (СИЗ) жетишпейт. Документте ал каражаттарды сатып алуу соода чектөөлөрүнө байланыштуу кыйын болуп жатканын, айрым учурда дарыгерлер аны өз акчасына таап жатышканы белгиленген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мамлекеттердин бийликтери медицина кызматкерлеринин өлүмү үчүн жоопкерчилик алышы керек экенин билдирди.

Баяндамада жазылгандай, 79 өлкөдө COVID-19дан 3000ден ашуун медицина кызматкери каза тапкан.

Медкызматкерлер коронавирустан эң көп көз жумган мамлекеттердин сап башында Орусия, Британия, АКШ жана Бразилия турат.

XS
SM
MD
LG