«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 14-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.
14-июлда Бишкек шаарында жамгыр күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот. (ErN)