“Азаттык” радиосунун орус кызматындагы аймактык кабарчысы Светлана Прокопьевага басма сөз эркиндиги үчүн Эл аралык сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу “Журналисттерди коргоо комитети” маалымдады. Орусиялык журналист менен чогуу бул сыйлык Бангладеш, Иран жана Нигериянын журналисттерине да ыйгарылды. Булардын баары тең өздөрүнүн репортаждары үчүн камалып же куугунтукталган журналисттер.
Сыйлык быйыл, 19-ноябрда тапшырылат. Пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам быйылкы гала концерт виртуалдуу түрдө өтөт. Журналисттердин видео-биографиясы, сөз эркиндигинин тарыхы, презентациялар жана каалоо-тилектер онлайн түрүндө көрсөтүлүп, дүйнө жүзүнө таратылат.
Сыйлык тапшыруу аземи “Журналисттерди коргоо комитетинин” жыл сайын өтүүчү салттуу кайрымдуулук кечесинде болот. Ага “Ачык коом” фондунун президенти Патрик Гаспар төрагалык кылат, ал эми кечени белгилүү радио жана теле журналист Лестер Холт алып барат.
“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists (CPJ)) — эл аралык бейөкмөт уюм. Штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм куугунтукталган жана кесиптик ишмердүүлүгүнүн курмандыгы болгон журналисттер тууралуу маалымат чогултат. 1981-жылы түзүлгөн бул комитеттин биринчи ардактуу төрагасы тележурналист Уолтер Кронкайт болгон.