Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Марлен Калиев дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
45 жаштагы Марлен Калиев дипломаттык кызматта 2006-жылдан бери иштеп келген.
Тышкы иштер министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтуу жолдоду.
Азырынча дипломаттын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат жок. (ZKo)