Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Исмаилова: Кыргызстан ДССУдан тийиштүү колдоо алган эмес


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

"Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы санитардык-эпидемиологиялык кызматты модернизациялоого тийиштүү колдоо алган эмес".

Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 13-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Тасним Ататра менен жолугушууда билдирди. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, тараптар өзгөчө кырдаал шартында саламаттык сактоону башкарууну колдоо үчүн маалымат агымын жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашты.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Саламаттык сактоо министрлигине коомчулуктун ден соолугунун бирдиктүү базасын түзүүгө, аны программалык камсыздоого жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жакынкы мезгилде Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Алар өлкөдөгү абалды баалап, саламаттык сактоо системасын санариптештирүү боюнча “Жол картасын” иштеп чыгышат.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 488 адамга жукканы аныкталды, 15 киши каза болду. Вирусту жугузгандардын жалпы саны - 11 117. Көз жумгандардын жалпы саны 147. Илдеттен 3460 адам айыкты. Өпкөсү кагынып ооруган 29 адам каза тапты. Март айынан бери пневмониядан 452 бейтап кайтыш болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG