Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Пневмониядан дагы 45, коронавирустан эки бейтап кайтыш болду


Коронавирус эпидемиясына байланыштуу ачылган күндүзгү стационар.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан эки, пневмониядан 45 бейтап каза болду. Бул тууралуу 14-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Жайыл аймактык ооруканасында 58 жаштагы эркек жана 67 жаштагы аял.

Пневмония болгон 45 адамдын 23ү облустарда, 22си Бишкекте.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз 421 адамга коюлду, дарыланып жаткан 109 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус Кыргызстанда жалпысынан 11538 адамдан табылды, алардын ичинен 149 бейтап кайтыш болду, 3569 бейтап айыгып кетти.

Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 497 адамга жетти.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG