Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

ЖК: кезексиз жыйын чакыруу үчүн депутаттардын үчтөн бир бөлүгү кайрылышы керек


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кезексиз жыйын өткөрүү боюнча кайрылуусуна парламенттин басма сөз кызматы жооп берди. Анда Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, президенттин, өкмөттүн жана парламенттеги депутаттардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгүнүн сунушу менен төраганын кезексиз жыйын өткөрүүгө укугу бар экени белгиленди. Ошондой эле кезексиз жыйын өткөрүү сунушунда анын себеби, каралуучу маселе жана датасы жазылышы керек.

Парламенттин басма сөз кызматы төрага Дастан Жумабековдун наамына эл өкүлдөрү Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Рыскелди Момбековдон кезексиз жыйын өткөрүү боюнча кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кесиптеши Наталья Никитенко менен парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча төрагага кайрылганын жарыя кылган. Алар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, пневмония оорусунун күч алуусу Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүн талап кыларын белгилешкен.

Жогорку Кеңеш коронавируска каршы өкмөттүн иштери, пландары тууралуу маалыматты бир нече жолу уккан. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн иши парламентте “канааттандырарлык” деп табылган.

Жогорку Кеңештин мөөнөтү аяктап бараткан алтынчы чакырылыштагы депутаттары 1-июлдан тарта жайкы каникулга тараган. Июль айында аймактарда шайлоочулары менен жолугушуп, август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырлыштагы депутаттарын шайлоо 4-октябрда болот. Мындай жардыкка президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койгон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG