Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Болгарияда өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды


Болгариядагы өкмөткө каршы чыккан демонстранттар. София шаары. 13-июль, 2020-жыл.
Болгариядагы өкмөткө каршы чыккан демонстранттар. София шаары. 13-июль, 2020-жыл.

Болгарияда 13-июлда өкмөттүн отставкасын талап кылып миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Баш калаа Софияда, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Пловдивде жана башка он калаада демонстрацияга чыккандар премьер-министр Бойко Борисов башында турган министрлер кабинетин коррупцияга аралашкан деп айыпташууда.

Толкундоолор бешинчи күн катары менен уланды.

Нааразылык акцияларынын тутанышына президент Румен Радев менен өкмөттүн тиреши түрткү болду. 9-июлда Башкы прокуратуранын өкүлдөрү президенттин кеңсесин тинтип, Радевдин катчысы менен кеңешчиси кармалган. Алар мамлекеттик сырды ачыктап салган деп шек саналып жатышат.

Президент буга чейин өкмөттү коррупцияны ооздуктай албаганы үчүн сындап келген.

Өкмөттү 2009-жылдан бери башкарып келаткан Бойко Борисов кызматтан кетүү ниети жок экенин жекшембиде билдирген.

XS
SM
MD
LG