Кыргыз өкмөтү пневмония менен коронавирустан каза болгондорду эмнеге экиге бөлүп эсептеп жатканын түшүндүрдү. 14-июлдагы онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү саламаттык сактоо системасындагы адистер менен кеңешип ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады.
“Бул маселени Саламаттык сактоо министрлигинин алдына койдук. Алардын айтымында дүйнө жүзүндө ушундай статистика жүргүзүлөт экен. Кайсы бир убакта балким, чогултууга туура келет. Азыр аны бөлүп саноонун эч кандай оорчулугу жок”.
Боронов өпкөнүн кагынышын (пневмония) коронавирустун өтүшкөн формасы деп түшүнөрүн кошумчалады.
“Адистердин айтканын караганда, коронавируска ишенбей, көңүл бурбай жүрүп отуруп ошонун өтүшүп кеткен формасы. Мен ушундай деп түшүнүп турам”.
Кыргызстанда март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 497 адамга жетти. Өлкө бийлиги пневмония менен ооругандарды СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошкон жок. Акыркы маалымат боюнча коронавирус Кыргызстанда жалпысынан 11538 адамдан табылды, алардын ичинен 149 бейтап кайтыш болду, 3569 бейтап айыгып кетти. (TSh)