Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Минскиде полиция демонстранттарды кармады


Минскидеги нааразылык жүрүшү. 14-июль, 2020-жыл.
Минскидеги нааразылык жүрүшү. 14-июль, 2020-жыл.

14-июль күнү кечке жуук Беларустун борбор калаасындагы Эгемендик аянтына жүздөгөн адамдар жөө жүрүш менен келип чогулду. “Немис толкуну” маалымдагандай, чогулгандар жөн гана кол чаап жүрүп отурушкан. Аларга жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын айдоочулары сигнал берип, тилектештигин билдиришкени кабарланды.

Укук коргоочулар ондогон активисттер кармалганын маалымдашты. Арасында чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын журналисттери да бар.

Саат түнкү 11 ченде “Азаттыктын” беларус кызматынын эки журналистин полиция кое берди. Алар саат 21 ченде кармалышкан.

“Радыё Свобода” 14-июлда Минскиде жалпы 72 адам кармалганын маалымдады. Демонстранттар дагы башка шаарларда да кармалышканы кабарланды.

14-июлда Беларустун президенти Александр Лукашенконун алдыдагы шайлоодо башкы атаандашы болору айтылып жаткан Виктор Бабарикону Боршайком талапкер катары каттоодон баш тартты. Активисттер жана дипломаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин дароо сынга алышты.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.

XS
SM
MD
LG