Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Түркиядан Кыргызстанга гумжардам жана дарыгерлер келишти


Түркиядан келген гумжардам. Манас аэропорту. 15-июль. 2020-жыл
Түркиядан келген гумжардам. Манас аэропорту. 15-июль. 2020-жыл

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 15-июлда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен өпкөнү жасалма желдетүү боюнча 20 аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 комплект ПЧР-тест, вирусту аныктоо үчүн реагенттердин 20 миң комплекти, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап-калкан жана 10 миң гидроксихлорохин дары келгени кабарланган.


6-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жана эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өз ара меморандумунун алкагында түрк тарап Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүүнү чечкен.
Ошондой эле 15-июлдагы Стамбул-Бишкек чартердик каттам менен Түркияда эмгектенип жаткан кыргызстандык 14 дарыгер жана ординаторлор келди. Алардын учак билетин кыргызстандык ишкерлер өз моюнуна алышкан. Төрт дарыгер мурда келген. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 14-июлдагы маалымат жыйынында Түркиядан 18 дарыгер жардамга келатканын кабарлаган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин билдирүүсүндө, 15-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс менен 343 кыргызстандык жаран мекенине жетти. (ElB)

XS
SM
MD
LG