Түркияда 250дөн ашуун кишинин өмүрүн алган аскердик төңкөрүш аракетинин төрт жылдыгын эскерген иш-чаралар өтүп жатат. 15-июль - өлкөдө расмий дем алыш күнү катары эсептелип, бул күнү Түркиянын ар тарабында эскерүү иш-чаралары өтөт.
Коронавирус пандемиясынан улам бул иш-чаралар жергиликтүү телеканалдар аркылуу гана көрсөтүлөрү кабарланган.
Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги Кошмо Штаттарда акыркы 20 жылдан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан динаятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.
Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атаган, Эрдоган башкаларды да аны «террористтик уюм» деп таанууга чакырган.
2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен берки бийликтин «тазалоо» саясатынын натыйжасында 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкерлери иштен бошотулган. (ElB)