Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Адвокат: Блогер Сыдыманов боюнча экспертиза жыйынтыгы бир апта ичинде чыгат


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

Блогер Элмир Сыдымановдун айткандары боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы 21-июлга чейин чыгышы керек. Бул тууралуу 15-июлда "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Али Магеев билдирди.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөздөрү боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Жактоочунун айтымында, экспертизанын жыйынтыгы бир апта ичинде белгилүү болот:

"Экспертизага бир айлык мөөнөт берилет. Сот отуруму 8-июнда болгон, бирок материалдар 21-июнда гана жөнөтүлгөн. Бир жума ичинде белгилүү болушу керек".

Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алууну, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Элмир Сыдымановдун апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG