Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Жаңы конуштарга жарык орнотуу иши уланууда


"Бишкекжарык" ишканасынын адистери.
"Бишкекжарык" ишканасынын адистери.

“Бишкекжарык” ишканасы борбор калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарга жарык орнотуу ишин улантууда. Мэриянын маалыматына караганда, ушу тапта ишкананын адистери Свердлов районундагы конуштарда иштеп жатышат.

Кайыңды конушунда 1160 метр зым тартылып, 33 диод чырагы орнотулду.

Учкунда да миң метрге жакын зым тартылып, 55 чырак тагылды.

Мындан тышкары Чалбай, Ак-Бата, Ак-Тилек конуштарында 16 темир-бетон устуну орнотулуп, 82 чырак тагылды.

«Бишкекжарыктын» адистери борбор калаада ачылып жаткан күндүзгү жана түнкү стационарларга электр жарыгын өткөрүп, тосмо коюу үчүн темирлерди да жасап берип жатышат.

Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар. Алардын көбүндө электр жарыгы, жол жана суу боюнча көйгөй толук чечилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG