Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Казакстан COVID-19дун жайылышы боюнча алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди


Казакстандагы медкызматер. 13-июль, 2020-жыл.
Казакстандагы медкызматер. 13-июль, 2020-жыл.

Жон Хопкинс университетинин эсебине караганда, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди.

Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден көп адам чалдыкты. 375 адам көз жумду.

Буга пневмония менен ооругандар кошулгандар жок. Казакстанда өпкөсү кагынуудан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100миңге чукул адам пневмония болгон.

Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия сап башында турат.

Кошмо Штаттарда бул илдеттен каза болгондордун саны 136 миңден ашты. Өлкөнүн батыш жана түштүк штаттарында күнүнө 60 миңдей адамдан коронавирус аныкталып жатат.

XS
SM
MD
LG