Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Пневмониядан дагы бир мектеп директору көз жумду


Маруфат Насыранбекова.
Маруфат Насыранбекова.

Кыргызстанда дагы бир мектептин директору көз жумду. Билим берүү жана илим министрлиги “Азаттыкка” 15-июлда маалымдагандай, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору Маруфат Насыранбекова жүрөгү кармап каза болду.

Маркумдун жакындары ал 12-июлда көз жумганын, ага чейин эки өпкөсүнөн пневмония да болуп ооруп жатканын кабарлашты.

Үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн Насыранбекова үч неберенин чоң апасы болчу.

Маркумдун кенже кызы Акылай Алмаз кызы апасы өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин мектепте иштегенин айтып берди:

“Апам ооруп калганын билгенде дароо бейтапканага барган. Дарыгерлер орун жоктугун айтып, дары-дармек жазып беришиптир. Үйдөн дарыланып жатып оорусун күчөтүп ийди окшойт. Бирок ооруп жатканына карабай мектебин таштаган жок. "Жай ичи оңдоп-түзөө иштерин бүтүрөйүн. Жакында текшерүү болот" деп күйпөлөктөп жүрдү. Ишин жакшы көрчү. "Неберелеримди өзүм окутам, мектепке алып барам" деген. Ал күнгө да жетпей калды”.

Маруфат Насыранбекова 1970-жылдын 17-февралында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Жайылдагы өзү кийин жетектеп калган мектепке 2003-жылы орношуп, алгач башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген. 2016-жылы директорлукка дайындалган.

Жакындарынын “Азаттыкка” жөнөткөн эскерүүсүндө ал жаш муундарга билимин, талыкпас тарбиясын берип келгени, өзү ачык, чечкиндүү, иштеген ишине так, жоопкерчиликтүү, адамдын оюн таба билген, адамкерчиликтүү, ак көңүл, жароокер, эл арасында кадыр-баркка ээ инсан, ал эми үйүндө камкор жана сүйүктүү жар, мээримдүү эне болгону айтылды.

Буга чейин мектепте директор болуп иштеген үч педагог пневмониядан каза болгону расмий айтылган. Алар: Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева, Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору Гүлнара Туташева жана Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору Айчүрөк Самакова.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду. Өкмөт Бишкекте жана Чүй облусунда абал оор экенин айтууда. (AiA)

XS
SM
MD
LG