Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга президент 10-июлда кол койду:
“Макамы жок жаңы конуштарда, дачаларда жашагандар буга чейин социалдык төлөм алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, эми, бул мыйзамга ылайык, аларга кайсы жерге кайрылса, ошол жерден алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бир ай ичинде ички документтерибизди, жоболорду ушул мыйзамга шайкеш кылып өзгөртүп чыгышыбыз керек. Ошондон кийин бардык муктаждарга кайрылган жеринен тейлеп, жөлөкпул берүүгө мүмкүн болот”.
Министрдин айтымында, жалпысынан быйыл алты айда социалдык төлөмдөргө республикалык бюджеттен 4 миллиард 778 миллион 755 миң сом бөлүндү. Бул акча мамлекеттик жөлөкпул, акчалай компенсация же жеңилдик, майып баланы караган жеке ассистенттин айлыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, расымдык жөлөкпул жана ишке орноштурууга көмөктөшүү акча иретинде төлөнүп берилди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек. Укук коргоочулар өлкөдө майыптарга жетиштүү кам көрүлбөгөнүн айтып жүрүшөт. (RK)