Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Лукашенко: «Өлкөбүздү эч кимге бербейбиз»


Беларус президенти Александр Лукашенко. Витебск. 15-июль, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко. Витебск. 15-июль, 2020-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 14-июлда бир катар шаарларда өткөн каршылык акцияларынан кийин “Биз өлкөбүздү бардык мыйзамдуу жолдор менен коргойбуз” деп билдирди.

Ал бул тууралуу Витебск шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Биз тартип, туруктуулук өлкөдөгү өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн унутпашыбыз керек. Майдандар, революциялар бизге жардам бербейт. Биз өлкөбүздү эч кимге бербейбиз”,-деди ал.

Бир күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясы негизги эки оппозициячыл талапкерди каттабай койгондон кийин жүздөгөн адамдар нааразылык акцияларына чыгышкан. Алардын үч жүзгө жакынын, анын ичинде журналисттерди тартип коргоочулар кармап кетишкен.

Арасында “Азаттык” радиосунун Беларус кызматынын эки кабарчысы да бар эле. Кармалгандардын көбү кийин коё берилди.

Катталбай калгандардын бири Виктор Бабарико учурда камакта. Ага "арам акчаны адалдаштырган", "салык төлөөдөн качкан" деген сыяктуу айыптар тагылып жатат. Бабарико өзү дооматтарды четке кагууда.

Боршайком беш талапкерди каттады. Арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко да бар.

XS
SM
MD
LG