Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Депутат Акаев өкмөттү обсервациялардагы башаламандыкка көңүл бурууга чакырды


Эрнест Бөрүбаев Интернетке тараткан видеодон алынган сүрөт.
Эрнест Бөрүбаев Интернетке тараткан видеодон алынган сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчы Кубатбек Бороновду жана жалпы эле бийликти обсервациялардагы, ооруканалардагы жана күндүзгү стационарлардагы абалга көз салып, андагы башаламандыктарга көңүл бурууга чакырды. Депутат 15-июлда Бишкектин четиндеги мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган “Семетей” обсервациясына барып, абалы менен таанышып келген:

“Таптакыр тартип жок. Оорулуулар, врачтар менен бейтаптардын тууган-уругу аралашып эле жүрүшөт. Көзөмөлдөп койгон киши жок. Орусиядан келген дарыгерлер иштеп жатышкан экен, мага акыбалды айтып, кадимкидей ыйлашты. Эгер мындай болсок биз дагы бир-эки жылдап оору менен алышабыз деп жатышат”.

“Семетей” обсервациясындагы антисанитариялык абал, оор абалда жаткандар менен башкалар аралашып жүргөнүн, ар кандай таштандылар чыгарылбай жатканын 13-июлда ыктыярчы Эрнест Бөрүбаев да тасмага тартып Интернетке жарыялаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Семетей” госпиталынын имараты (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгашкан аймакта тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын 15-июлда маалымдады. Андан сырткары аймакты дезинфекциялоо иштери, кошумча таза суу менен камсыздоо, бейтаптарга, медициналык кызматкерлерге шарт түзүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

14-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов да “Семетей” госпитал жайында бардык шарт бар экенин айтты.

Вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери Бишкектеги ооруканаларга жана стационарлардын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жаткан камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилген. «Семетейге» Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG