Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

ДССУ Түркмөнстанды санитардык чараларды күчөтүүгө чакырды


Түркмөнстанга барган ДССУнун атайын миссиясынын өкүлдөрү. 6-июль, 2020-жыл.
Түркмөнстанга барган ДССУнун атайын миссиясынын өкүлдөрү. 6-июль, 2020-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстандагы пневмония тууралуу кабарларга тынчсызданып жатканын билдирип, бийликти COVID-19 өлкө ичинде бардай эле чараларды кабыл алууга чакырды.

Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус каттала элек. 10 күн мурда Ашхабадга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын миссиясы барган. Алар бир катар ооруканаларды, лабораторияларды жана чек аралаш аймактарды кыдырышты.

14-июлда миссиянын жетекчиси Кэтрин Смолвуд бийликти өпкө инфекциялары менен катталган жарандарды обочого алып, алар байланышта болгон адамдарды текшерүүгө, калкка вирустук инфекциялар тууралуу маалыматтарды жеткирип, алардын коргонуу чараларын түшүндүрүүгө чакырды.

Уюмдун өкүлдөрү барганы Ашхабад бир катар эпидемиологиялык чараларды киргизген. Ири дүкөндөр, базарлар, мечиттер жабылды, Мары шаарында той-аштарга тыюу салынды.

Жарандар көчөгө беткап тагынып чыгууга милдеттендирилди. Бийлик муну “өпкөгө чаң киргизбеш үчүн” деп түшүндүргөн. Бир күн мурда поезд каттамдары токтотулду. Анын себеби айтылган жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары Түркмөнстандын ооруканалары пневмония менен ооругандарга толуп калганын, арасында көз жумгандар көп экенин маалымдап келатышат.

XS
SM
MD
LG