Быйылкы биринчи жарым жылда Өзбекстанга сырттан 2,4 млр доллар которулган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 156 млн долларга же 6% аз. Мындай маалыматты Өзбекстандын Борбордук банкы жарыялады.
Ал эми сыртка которулган акчанын суммасы 427 млн доллар, бул мурунку жылга караганда 40 млн долларга же 9% аз.
Натыйжада акча которуулардын оң сальдосу 2 млрд. доллардын айланасында болууда. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 116 млн доллар же 5% жетпеген көрсөткүч.