Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Асрандиев: COVID-19га каршы колдонулган алгачкы ыкма өзүн актаган жок


Коронавирус жуктурган пациентти дарылап жаткан медицина кызматерлери. Бишкек шаары. Июнь, 2020-жыл.
Коронавирус жуктурган пациентти дарылап жаткан медицина кызматерлери. Бишкек шаары. Июнь, 2020-жыл.

Вице-премьер Асрандиев коронавируска каршы колдонулган ыкма өзүн актабаганын айтты. Кыргыз өкмөтү жазында коронавирусту жайылтпоо максатында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү колдонгон катуу көзөмөл кылуу аркылуу абалды жөнгө салуу тактикасын тандаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, февраль-март айларында коронавируска каршы Республикалык штаб карантин киргизип, катаал чаралардын негизинде вирусту ооздуктоо максатын көздөгөн:

“Балким айрымдар карантинди мындан ары да кармап турса туура болмок деп айтышы мүмкүн. Бирок апрелдин экинчи жарымынан баштап эле абдан көп нааразычылыктар болуп, эл укпай бараткан. Сөздүн ачыгы майдан ары элди кармаш мүмкүн эмес болуп калган”-деди.

Асрандиевдин сөзүнө караганда, учурдагы абал аталган тактика ишке ашпай калганын далилдеди. Вице-премьер учурда тактиканы өзгөртүп, өтө оор жана оор бейтаптарды дарылоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин билдирди. Ал коронавирусту жуктуруп алгандардын саны расмий статистикадан 10 эсеге чейин көп болушу мүмкүн экенин да белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган. 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. 10-майдан баштап өзгөчө абал алынып, чектөөлөрдүн кыйласы жоюлган.

Июнь, июль айларында өлкөдө коронавирус жуктургандардын, вирустан жана пневмониядан каза болгон адамдардын саны өстү. 15-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 439 адам жаңы катталды. Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 11 киши, пневмониядан 74 адам каза болду. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG