15-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы менен Ички иштер министрлигинин Талас облусундагы бөлүмдөрү биргеликте 1800 килограмм (1,8 тонна) кара куурайды жок кылышты.
Бул өсүмдүктөр Таластагы Кыргызстан айылына жакын жерде табылган. Аны күч кызматкерлери өрттөп жок кылышты.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кара куурай (марихуана) өсөт. Жылына аларды жок кылууга күч кызматкерлери тартылат. (TSh)