Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Кыргызстан ЕАЭБге жаңы экономикалык институт түзүүнү сунуштады


Евразия экономикалык комиссиясындагы жыйын. 15-июль, 2020-жыл.
Евразия экономикалык комиссиясындагы жыйын. 15-июль, 2020-жыл.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) жаңы институт түзүү боюнча жумушчу тобу 15-июлда алгачкы жыйын өткөрдү. Анда институттун ролу, мыйзамдык жактары жана каржылоосу талкууланды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайты жазды.

Андагы маалыматка ылайык, буга чейин Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) мамлекеттердин өнүгүү деңгээлин бирдей алып кетүү үчүн институт түзүүнү сунуш кылган. Экономикалык комиссия сунушту кабыл алып, маселени карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзгөн.

Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономика жана интеграция министри, жумушчу топтун башчысы Сергей Глазьев биримдикте өнүктүрүү боюнча орган бар экенин белгилеп, жаңы институттун ролун аныктоо керектигин билдирди. Ал эми кыргыз тарап жаңы институттун максатын өнүгүүдөгү диспропорцияны азайтуу жана биримдиктеги интеграциянын жакшырышына шарт түзүү деп түшүндүрдү.

Жыйын соңунда тараптар институттун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу маселелер боюнча макулдашты.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) караштуу ЕАЭК тогуз мүчөдөн турат. Алардын ар бири министр макамына ээ. Комиссиянын кеңсеси Москвада жайгашкан. Тогуз министрдин экөө - кыргызстандыктар. Тышкы иштер министринин мурунку статс-катчысы Эмил Кайкиев комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри, мурунку экономика министри Олег Панкратов бажы кызматташтыгы боюнча министр.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирет. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган. Акыркы жылдары кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG