Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Азери-армян чек арасында кайрадан кагылышуу болду


Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен.
Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен.

Баку менен Ереван чек арадагы кайра кайталанган атышуу үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат.

Армениянын Коргоо министрлиги 16-июлга оогон түнү, таңкы саат үчтөн өткөндө "күзөтчүлөр душмандардын жылып келатканын байкап, аларды курчап алып диверсиялык чабуулдун алдын алышты" деп билдирди. Азери жоокерлери чек арадагы Айгепар кыштагынан аткылаганын, атышуу уланып жатканын маалымдады. Ереван Бакуну "ок атышпоо тууралуу макулдашууну бузду" деп күнөөлөп жатат.

Азербайжан болсо Армениянын куралдуу күчтөрү 16-июлда таңга маал "Тавуш аймагына куралдуу чабуул жасаганга аракет кылды" деп маалымдады. "Туран" маалымат агенттиги чек арадагы Агдам, Дондар, Гушчу жана Вахидли айылдары аткыланганын жазды.

Соңку кагылышта жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Бириккен улуттар уюму (БУУ), Европадагы коопсуздук жана кызматтыштык уюму (ЕККУ) азери-армян чек арасындагы абалдын курчуп кеткенине кабатырлануусун билдирди жана тараптарды атышууну токтотууга чакырды.

Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен. Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекет соңку жагдай боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат.

Төрт күндөн бери токтобой жаткан кагылышта эки тараптан 16 адам каза тапты. Баку армиянын генералы, полковниги баштаган 11 аскерин жоготту, Ереван төрт жоокеринен айрылды.

XS
SM
MD
LG