Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Швейцария Кыргызстанга 15 миллион сомдук гумжардам жөнөттү


Швейцария өкмөтүнүн гуманитардык жардамы.
Швейцария өкмөтүнүн гуманитардык жардамы.

Швейцария өкмөтү Кыргызстандын коронавируска каршы иштеп жаткан мобилдик бригадаларына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул өлкөнүн элчилиги 16-июлда кабарлагандай, БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) менен бирге кыргызстандык дарыгерлер үчүн жалпы баасы 15 миллион сомго коргонуучу санитардык каражаттар сатылып алынды.

Жалпы саны 24 миң даана атайын кийим, беткап, көз айнек, бетке калканчалар жана 100 кутуга салынган колкаптар Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик бригадаларды жабдуу үчүн өткөрүлүп берилмей болду.

Элчилик тараткан маалыматта “Сапаттуу жеке коргонуу каражаттарын колдонгон медицина кызматкерлери кесиптештерин, бейтаптарын, үй-бүлөсүн же коомду коркунучка дуушар кылбаш үчүн коргоодо болушат, ошону менен бирге инфекциянын адамдан адамга жугуу деңгээлин азайта алышат” деп айтылды.

Буга чейин Швейцария өкмөтү Кыргызстанда медицина кызматкерлерин окутууга, аларды жабдууга, ар бир облуста call-кызматтарды ачууга көмөк көрсөткөн.

16-июлга карата өлкөдө пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду.

Эпидемияга байланыштуу Кыргызстанга чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар жардам берип жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG