Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:54

Ишкана жетекчиси беткап чыгаруудагы көйгөйлөр боюнча президентке кайрылды


Президент Сооронбай Жээнбеков менен «Текстиль транс» фабрикасынын жетекчиси Алмазбек Абдраев. Чүй облусу. 16-июль, 2020-жыл.

Чүй облусунда медициналык беткап чыгара баштаган «Текстиль транс» фабрикасынын жетекчиси Алмазбек Абдраев ишкананы көрүүгө барган президент Сооронбай Жээнбековго өндүрүштөгү көйгөйлөрдү айтып берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Абдраев ишкана пандемия маалында жеке коргонуучу каражаттарды чыгарууга өткөнүн айтып, бирок тиешелүү мамлекеттик органдардан сертификаттарды алууда, керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү боюнча өкмөткө сунуш бериле турганын айтты.

Аталган фабрика учурда бардык жабдыктарды орнотуп беш катмарлуу KN 95 респиратор жана үч катмарлуу медициналык беткаптарды өндүрүүгө даяр. Ишкана күнүнө 100 миң даанага чейин беткап чыгара алат.

Өлкө дарыканаларында медициналык беткаптар түрүнө жараша 20 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат. Адистер беткап тандоодо жарандар сапатына көңүл бурбай жатканын айтып жатышат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG