Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Илхам Алиев оппозицияны кырдаалды "туруксуздаштырып жатат" деп айыптады


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев оппозициядагы «Азербайжандын бирдиктүү элдик фронту» партиясын өлкөдөгү кырдаалды "туруксуздаштырып жатат" деп айыптады.

Ал 15-июлда өкмөт өкүлдөрү менен онлайн форматта өткөргөн жыйында "айрым оппозициячыл структуралар, анын ичинде «Азербайжандын бирдиктүү элдик фронтунун» өкүлдөрү эл арасына кирип алып, элди мыйзамсыз аракеттерге үгүттөп атышат" деп айтты. Алиев оппозицияны "от менен ойнобосун" деп эскертти. Азери президенти тийиштүү органдарга оппозиция өкүлдөрүнүн соңку күндөрү социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүн анализдөөнү тапшырганын айтты.

"Азербайжандын бирдиктүү элдик фронту" Алиевдин дооматына үн ката элек.

Борбор калаа Баку баш болгон бир катар шаарларда 15-июлда президенттен Арменияга согуш жарыялоону талап кылган акциялар өткөн. Алардын айрымдары парламент имаратына кирип барууга аракет кылышкан. Азербайжандын Башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Армения менен Азербайжандын чек арасында 12-июлда башталган атышууда эки тараптан жалпысынан 16 адамдын өмүрү кыйылды. Аймакта бир суткадай тыныгуу болуп, бейшемби таңда атышуулар кайра уланды жана буга байланыштуу эки коңшу мамлекет бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG