Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди сактоого чакырды


Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) жарандарды мечиттерге келгенде санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылды.

Мечитке келип намаз окууну каалагандар үчүн талаптар:

1) Сөзсүз беткап болушу керек.

2) Мечиттерде дезинфекция каражаттары жана кишилердин дене табын текшерүү жүргүзүлүшү керек.

3) Адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

4) Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат.

6) Балдар, кары-картаңдар жана ооругандардын мечитке келиши талап кылынбайт.

Ошондой эле муфтият жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1) Дааратты үйдөн алып жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

2) Мечиттен 15-20 мүнөт аралыгында кайра чыгып кетүү.

3) Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү.

4) Ар бир адамга жайнамазын ала келүү сунушталат.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окулуп жатат. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алган.

Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG