Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Поляк оппозициясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат


Анжей Дуда Польшаны соңку беш жылдан бери башкарып келатат.
Анжей Дуда Польшаны соңку беш жылдан бери башкарып келатат.

Польшада оппозициялык эң ири "Жарандык платформа" партиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатат. Партия шайлоодо жеңип, экинчи мөөнөткө шайланган президент Анжей Дуданы "административдик ресурс" колдонду деп айыптады.

"Жарандык платформанын" төрагасы Борис Будка "добуш берүү балким кадыресе өткөндүр, бирок шайлоо өнөктүгү маалында коомдук уюмдар, медиа пайдаланып, мындан улам теңата таймаш болгон" деп билдирди.

Польшада президенттик шайлоо 12-июлда өткөн. Улуттук шайлоо комиссиясы консервативдүү деп саналган президент Анжей Дуда добуштардын 51,2 пайызын алганын билдирген. Анын башкы саясий атаандашы, баш калаа Варшаванын мэри, либерал Рафал Тшасковскийди шайлоочулардын 48,79 пайызы колдогон.

Комиссия шайлоого катышкандардын саны буга чейинкиден алда канча көп болуп, 68,12 пайызды түзгөнүн маалымдаган.

Байкоочулар Дуданын кайра шайланышы бийликтеги «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талаштуу сот реформаларын бекемдегенге жол ачышы мүмкүн экенин айтышууда. Евробиримдик партиянын бул аракеттерин сынга алып келет.

Үгүт кампаниясы маалында Тшасковский сот реформаларын жокко чыгарарын айтып, бул демократияга шек келтирерин белгилеген.

48 жаштагы Дуда Польшаны соңку беш жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG