Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

АКШ Кытайдын технология адистерин “кара тизмеге” киргизди


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШ Кытайдын телебайланыш гиганты "Huawei" жана башка ишканаларынын кызматкерлерине санкция киргизди. Вашингтон аларды дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Шинжаңдагы адам укуктарын бузууга көмөктөшөт деп айыптап келет.

15-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео "Huawei" ишканасын Кытайдын саясий цензура үчүн колдонгон “түзүмдөрүнүн бири” деп атады. Мындан тышкары мамкатчы журналисттерге компаниянын кызматкерлери “адам укугун бузууга катышы бар режимдерге материалдык колдоо көрсөткөн” кызматкерлери “кара тизмеге” алынарын билдирди.

Азырынча визалык чектөө компаниянын канча кызматкерине тиешелүү болору белгисиз. Помпео ошондой эле жалпы дүйнө жүзүндөгү байланыш компаниялары Huawei менен кызматташууда укук бузуулар менен иштешип жатканын билүүсү керек деп эскертти.

Президент Дональд Трамптын администрациясы мурдараак башка өлкөлөрдү да Кытайдын "Huawei" компаниясы менен кызматташпоого чакырган. Вашингтон аталган ишкана Бээжинге бул өлкөлөргө тыңчылык кылууга мүмкүнчүлүк түзүп, чабуулга өтүүсүнө шарт түзүп берет деп бекемдеп келет.

"Huawei" компаниясы муну четке кагып, Вашингтонду "ишкананын өнүгүшүнө бут тоскусу келет" деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG