Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

“Саясий репрессияларга каршылык комитети” сөз эркиндигин жактап чыкты


 «Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» деп аталган петиция жайгаштырылган Change.org сайты Кыргызстанда ачылбай калды. 16-июль, 2020-жыл.
«Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» деп аталган петиция жайгаштырылган Change.org сайты Кыргызстанда ачылбай калды. 16-июль, 2020-жыл.

“Саясий репрессияларга каршылык комитети” бийлик пандемия учурунда бийликтин аракетсиздигин сынга алган жарандардын оозун жабууга аракет кылып жатат деп билдирди.

Комитет 17-июлда тараткан билдирүүдө “Коронавирус эпидемиясынын өлкөдө жайылып кеткенине байланыштуу бийликтин аракетсиздигине, кечигип кыймылдаганына нааразычылык өсүп жатат. Адамдар мындай нааразычылыктарын соцтармактарда билдирип жатышат. Укук коргоо органдарынан соцтармак пайдалануучуларды негизсиз чакырып, көрсөтмө бердирүүнү токтотуусун талап кылабыз”, деп жазылган.

Билдирүү ээлери бул жарандардын өз оюн ачык айтуу тууралуу конституциялык укугун бузарын белгилеп, мындай оюн ачык айтканы үчүн коркутуп-опузалоо аракети буга чейин бийликтин өзүнө жаман болуп келгенин эскерткен.

“Андан көрө бийлик эл менен диалогго барып, учурда өлкөнүн алдында турган маселелердин масштабын түшүнүп турганын жана эл күтүп жаткан моралдык лидерлигин көрсөтүүгө мезгил жетти”, деп жазылган анда.

Укук коргоочу Адил Турдукулов негиздеген “Саясий репрессияларга каршылык комитети” ошондой эле мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды колдобой, артка кайтаруусун өтүнгөн.

Соцтармактарда бийликке нааразылыгын билдирип, сынга алган айрым адамдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылышкан. Мындан тышкары социалдык тармактарда бир катар саясатчыларга чабуул күчөгөнүнө коомдук уюмдар да тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Мыйзам 9-июлда президенттин кол коюусуна киргизилген.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөт деген жүйө келтиришкен.

«Бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындаган активисттер «#REакция» аттуу акция өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырышкан. Айрымдар соңку мезгилдеги айрым активисттерге карата басымды жана жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасынын тосмолонушун да ушул мыйзам менен байланыштырып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG