Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

COVID-19: Индияда ооругандар бир миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турган Индияда бул илдеттен 26 миңге чукул бейтап каза болду. Мунун алдында өлкө бийлиги 125 миллиондон ашык эл жашаган Бихар штатын 15 күнгө карантинге жапкан.

Франция эмки аптадан тартып жабык жайларда беткап тагынуу милдеттүү болорун билдирди. Австралиянын Виктория штатында оорунун жайылышы басаңдай элек, аймакта соңку бир күндө оору дагы 428 адамдан табылды.

АКШда соңку бир күндө өпкөнү сезгенткен илдет дагы 77 миңден ашык адамдан аныкталды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.

Флорида, Түштүк Каролина жана Техас штаттарында оорунун тарашы басаңдай элек. Айрым штаттарда моргдор толуп калгандыктан, бийлик муздаткычы бар машиналарды убактылуу пайдаланганы жатат.

Кошмо Штаттарында оору жуккан учурлар май айынан бери үч эсеге көбөйдү. Бул өлкөдө ооруну жуктуруп алгандар 3,6 миллионго жетип калды жана илдеттен 138 миңден көп бейтап көз жумду.

АКШдан кийин эле тизменин экинчи сабында турган Бразилияда COVID-19ду жуктуруп алгандар эки миллион кишиден ашып, илдеттен көз жумган бейтаптар 77 миңге жетти. Бразилияда май айынын аягынан бери күнүгө орто эсеп менен миңге чукул адам өмүрү менен кош айтышып жатат.

Түштүк Африка ооругандардын саны боюнча Мексика менен Чилиден озуп, дүйнөдө алтынчы орунга чыкты. 57 миллион калктуу бул өлкөдө жарандардын дээрлик 14 пайызы ВИЧ/СПИД инфекциясы менен жашайт. Мындан улам коронавирус кошул-ташыл болсо калктын аялуу катмарына кесепети дагы оор болот деген кооптонуу айтыла баштады.

XS
SM
MD
LG