Эл аралык маалыматтардагы патоморфологиялык иликтөөлөр, оорунун патогенези боюнча изилдөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.
Мындай чечим вице-премьер-министр Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен өткөргөн жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда коронавирус инфекциясынын адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, диагноз коюу, дарылоонун клиникалык кубулуштары талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо протоколдорун үзгүлтүксүз жана ыкчам түрдө улам карап туруу, илдет менен күрөшүүгө тартылган дарыгерлерге жаңы ыкмаларды үйрөтүү, адистердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-конференция өткөрүү тапшырылды.
15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен жолугуп, аларды өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды анализдөө боюнча өкмөткө жардам берүүгө чакырган.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Штабдын жаңыланган статистикасына караганда, 17-июлга карата бир суткада COVID-19 диагнозу 1 654 адамга коюлду. Жалпысынан, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 783 болду. 785 бейтап каза тапты. (TSh)