Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Тамашоучу катышкан жарнамалык ролик мыйзамга жат деп табылды


Ала качууну пропаганда кылган жарнама.
Ала качууну пропаганда кылган жарнама.

Журналист Нуржамал Жаныбекова эки апта мурун "тамашоучу" Эмил Токтошев катышкан “Такси 180 Ош” компаниясынын жарнамалык ролигине чара көрүүнү суранып, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылуу калтырган.

Ал кайрылууга агенттиктин Ош облусу жана шаары боюнча бөлүмү жооп берип, такси фирмасынын ролигинде “Жарнама” жөнүндө мыйзам бузуу аракети бар экени жазылган. Бул тууралуу журналист Нуржамал Жаныбекова “Азаттыкка” маалымдады.

“Ролик чыккан күнү жоопкерчиликке тартуу боюнча онлайн кайрылуу калтыргам. Бүгүн жооп келиптир. Анда жоопкерчиликке тартылары жазылган. “Медиа Полиси Институту” уюмунун билдиргенине караганда 17 миң сомго чейин айып салынат”, - деди Жаныбекова.

“Тамашоучу" жигиттер тартылган жарнамада бир канча адам кызды ой-боюна койбой машинеге салганы, адегенде көнбөй жаткан кыз өзү жетчү жерге ылдам баруу үчүн такси кызматын сунуштаганы көрсөтүлөт.

Бул роликти «Инстаграмда» жарым миллионго жакын катталуучусу бар "тамашоучу" Эмил Токтошевдин баракчасынан бир күндө эле 150 миңге жакын адам көргөн. Бир канча активисттер аны «ала качуунун ачык пропагандасы» катары сыпаттап, соцтармактан өчүрүүнү талап кылышкан.

Актер жогорудагы жарнамада ала качуу пропаганда эмес, юмор катары көрсөтүлгөнүн айтып, өз баракчасынан роликти өчүргөн. Бул жарнама үчүн роликти тартууга буюртма берген такси кызматынын жетечиси Жаныбек видео аркылуу колдонуучулардан кечирим сураган. (TSh)

XS
SM
MD
LG