Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Украинада "Голос" партиясы оппозицияга өттү


Кира Рудык менен Святослав Вакарчук.
Кира Рудык менен Святослав Вакарчук.

"Голос" партиясы оппозицияга өткөнүн аталган партиянын Жогорку Рададагы фракциясынын жетекчиси Кира Рудык 17-июлда билдирди. Ал президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясын айыптап, бийликти "өзгөртүү керек" деп айтты.

"Биз өлкөнү коргоп, реформа жүргүзөлү деп келгенбиз. Бирок азыр такай эле калп менен күрөшүп жатабыз. Биздин конструктив пайда алып келбей турганын түшүндүк. Бийликке жардам бербеш керек, аны өзгөртүү керек. Анын өзгөртүүгө мезгил жетти", - деди Рудык.

"Голос" фракциясы буга чейин президенттин "Эл кызматчысы" фракциясынын саясий өнөктөшү катары каралып келген.

Жогорку Радада 450 депутат бар. "Голос" фракциясына 19 мандат тийген. Кира Рудык ушул жылдын март айында фракция лидери болуп дайындалган.

Бул партияны түзгөн рок ырчысы Святослав Вакарчук өткөн айда депутаттык мандатын тапшырып кетип калган. Ал «укмуштуудай фракцияны» парламентке алып келүү менен миссиясы жарым-жартылай аткарылгандыктан, депутаттыктан баш тартууну чечкенин билдирген.

XS
SM
MD
LG