Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Акыркы суткада 70 медициналык кызматкерден COVID-19 вирусу тастыкталды


Бишкектеги бейтапканалардын биринде. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги бейтапканалардын биринде. Июль, 2020-жыл.

18-июлга карата Кыргызстанда 70 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

  • Бишкек шаарында – 25
  • Чүй облусунда – 19
  • Ош шаарында – 18
  • Ош облусунда – 1
  • Талас облусунда – 2
  • Жалал-Абад облусунда – 5

Ал эми акыркы суткада 8 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 вирусун 2269 медициналык кызматкер жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 600 медкызматкер айыгып чыккан.

Вирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны, бейрасмий эсеп боюнча жыйырмадан көп. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде кайтыш болгондордун саны буга чейин алтоо деп айтылып келген.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөт чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. "Азаттыктын" бүгүнкү күнгө чейин канча дарыгерге канча сом төлөнүп берилгени тууралуу суроосуна Каржы жана Саламаттык сактоо министрликтери жооп бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG