Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Жарандыгы жок Абдрэшид Кушаев Латвияда эки айга лагерге киргизилди


Абдрэшид Кушаев Качкындар борборунда. Ля эне-Ви рума уезди, Эстония. 19- январь, 2016-жыл.
Абдрэшид Кушаев Качкындар борборунда. Ля эне-Ви рума уезди, Эстония. 19- январь, 2016-жыл.

Латвиянын Даугавпилс шаар соту теги өзбекстандык, 56 жаштагы Абдрэшид Кушаевди чет өлкөлүк жарандардын лагерине эки айлык мөөнөт менен киргизүү чечимин кабыл алды.

Кушаев 7-июлда Эстониядан Латвияга мыйзамсыз өтүп келген. Келери менен латыш чек арачылары аны чет өлкөлүк жарандардын лагерине 10 күнгө киргизип, ишти сотко өткөрүшкөн.

Шаардык сот 2015-жылы, мартта Өзбекстандан качып чыккан Кушаевге лагерде 10 күн кармалган аздык кылат деп чечти. Ошол эле учурда иши, турак жайы, акчасы жок Кушаевди эркиндикте калтырууга да каршы чыкты.

Кушаев Латвияда "качкын" макамына ала албаса да, жарандыгы жок адам – "апатрид" макамын алууга үмүттөнөрүн “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, лагердин ичинде бардык шарттар бар.

Абдрэшид Кушаев өткөн айда Литвадан Эстонияга депортацияланып, селсаяктар байыолаган турак жайга киргизилген. Ага чейин 2019-жылдын октябрь айынан бери Литвада “качкын” макамын күтүп, миграциялык абакта отурган. Литванын бийлиги ага “качкын” макамын берүүдөн баш тарткан.

Кушаев 2015-жылы мартта Өзбекстандан качып чыгып, Казакстан жана Орусия аркылуу Эстонияга барган. 2017-жылдын күз айынан тартып, 2020-жылдын 17-июнуна чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө жашаган. Ал СССРдин паспортун өзбек паспортуна алмаштыра албай, жоготуп алгандан бери башка өлкөнүн жарандыгын алган эмес.

XS
SM
MD
LG