Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Болгарияда өкмөткө каршы митингдер уланууда


Болгариянын Русе шаарындагы митинг. 17-июль, 2020-жыл
Болгариянын Русе шаарындагы митинг. 17-июль, 2020-жыл

Болгариянын баш калаасы София жана дагы бир катар шаарларда премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтү коррупциялык айыптоолордон улам отставкага кетишин талап кылган демонстрациялар тогуз күндөн бери уланууда. Каршылык емонстрацияларына чыккан миңдеген болгарлар премьер-министрден тышкары өлкөнүн Башкы прокурору да кызматтан кетишин талап кылууда. Премьер Борисов жума күнү Брюсселе Еврокомиссиянын коронавирус кризисинен улам Евробиримдикте көрүлө турган чараларга бөлүнчү каражатты талкуулаган жыйынына катышты. Ушул күнү Болгариянын ар башка оппозициялык топтору София шаарында биргеликте массалык демонстрация уюштуруп, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылган ураандарды чакырып башкы көчөлөрдө жөө жүрүш жасашты. Премьер Борисов демонстранттардын басымы алдында финансы, экономика жана ички иштер министрлерин кызматтан бошоткон. Нааразылык акцияларына чыккандар алар чыныгы реформаларды талап кылып жатышканын, коррупциялашкан бийлик кетмейинче көчө акцияларын уланта берээрин, үч министрди иштен бошотуу реформанын пародиясы экенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG