Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Улуттук кардиология борборунда вируска чалдыккандар үчүн 90 орун бар


Бишкектеги ооруканада. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги ооруканада. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук кардиология борборунда вируска чалдыккандар үчүн 90 орун даярдалган. Алардын ичинен 12 орун жандандыруу бөлүмүндө. Бул маалыматты аталган борбордун жетекчиси Акпай Сарыбаев вице-премьер-министр Аида Исмаилова барган учурда билдирди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 18-июлда Улуттук кардиология жана терапия борборуна барып, ал жердеги даярдык тууралуу маалымат алды. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев клиниканын жабдылышы, стационардык кычкылтек станциясы, бейтаптар үчүн орундар жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмү менен тааныштырды.

Вице-премьер-министр ооруканада кошумча орундардын жалпы санын 250гө, ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү орундарды реанимациядагы орундарды 45ке чейин көбөйтүүнү тапшырды.

Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда 480 медицина кызматкери иштейт. Алар үчүн обсервация катары “Семетей” мейманканасы каралууда.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 18-июлга карата берген маалыматына караганда, Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга чалдыккан 1264 адам катталган. Бир суткада 73 адам көз жумган.

Коронавируска жана пневмонияга чалдыккан адамдарды дарылоодо ооруканаларда орун жетишпей, мектеп, мейманкана, спорт залдар жана башка мекемелерде кошумча стационарлар ачылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG