Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

“Демилгечи жаштар борборунун” кычкылтек аппараты 20га жетти


Ыктыярчы София-Айдана Мурзаева. Сүрөттөр интернеттен алынды

Бул тууралуу “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү, ыктыярчы София-Айдана Мурзаева “Твиттердеги” баракчасына жазды:

“Силерге кубанычтуу кабар айткым келет. Бизде эми 20 кычкылтек аппараты бар. 20 мобилдик топ түнү-күнү иштеп жатат!”.

Буга чейин “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү София-Айдана Мурзаеванын оор абалдагы бейтаптын өмүрүн сактап кала албаганына ыза болуп, ыйлап жатканы тартылган тасма Интернетте тараган.

Ыктыярчы кыз бейтаптын өмүрүн кычкылтек аппараты жетишсиздигинен улам сактай албай калышканын “Азаттыкка” билдирген.

Ажалга арачы болгон ыктыярчылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:11 0:00

“Демилгечи жаштар тобу” 2019-жылы декабрда түзүлгөн.

Июль айы башталгандан бери Бишкекте коронавирус боюнча абал курч болуп турат. “Тез жардам” кызматы мурда бул мезгилде дээрлик катталбаган пневмонияга бир суткада 100гө жакын адам кабылып жатканын, дарыгерлер, медициналык жабдуулар жана ооруканаларда орун жетишсиз экенин билдирүүдө. Ооруканаларда орун жок калгандыктан мэрия спорт, ресторан залдарында жана башка жайларда кошумча стационарларды ачып жатат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG